Кадамжай районунун тургундары Ош шаардык жана облустук ооруканасынын
медицина кызматкерлерине жарым тонна малина кыямын жөнөтүштү.
Кыям толтурулган банкалар кызыл зоналарда, обсервацияда жана стационарларда
иштеген дарыгер, медайым жана санитарларга таратылмакчы. Мөмө-жемиш
Кадамжай районундагы тургундардын короолорунан чогултулган.