ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү өстү

Быйылкы январь-февраль айларында ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшү 1,2 пайызга өсүп, өткөн жылдын ушул убагындагы көрсөткүчтөр менен теңдешкенин Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин баарында өсүш болгон (Армения боюнча маалыматтар жок):

Беларусь — 6,9 пайызга өскөн;

Кыргызстан — 1,4 пайыз;

Казакстан — 1,3 пайыз;

Россия — 0,2 пайыз.

Тактап айтканда, союшка делген канаттуу менен мал 3,2 пайызга, сүт 4 пайызга өскөн.