Жогорку Кеңеш кийинки жумада «өкмөттүк саат» өткөрөт

Жогорку Кеңеш кийинки жумада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “өкмөттүк саат” өткөрөт.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев билдиргендей, анда бюджет, Баткен, Кумтөр, кышка даярдык өңдүү маселелердин тегерегинде жыйын болот.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү отурумда бир топ депутат өкмөт башчынын парламентке келишин талап кылган.