ЕККУ Чек ара кызматына техника берди

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматына техникадан жардам берди. УКМК тараткан маалыматка ылайык, анда жардамга берилген видеокөзөмөл системасы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетине орнотулат.

Кыргыз-казак чек арасындагы эң чоң «Ак-Жол» өткөрмө бекети бир жыл оңдоп-түзөө иштеринен кийин ушул жылдын апрель айында кайра ачылган. Расмий маалыматка ылайык, аны оңдоого 305 миллион сом жумшалган.

Бекет оңдолуп, кеңейтилгенге чейин андан күнүнө 10 миңге чейин адам каттап, 1,5 миңдей автоунаа өтчү. Туристтик мезгилде адатта жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң, ал эми машиненин саны 2,5 миңге чейин жетет. Оңдоп-түзөтүүдөн кийин «Ак-Жол» аркылуу суткасына 35 миңден ашык адам, 5 миңдей унаа өтсө болот.