Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму Арменияда өтөт.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдиргендей, жыйын 20-21-октябрда болот.
Эске салсак, бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болду.
Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишкен.
Анда интеграциялык биримдик алкагындагы талылуу маселелер каралып, бир катар документтерге кол коюлду.
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталган.