Таласта токойдо өрт чыкты

Талас районунун Нуржанов айыл аймагы менен Талас токой чарбасына тийиштүү жерден 29-июнда өрт чыгып, токой күйдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери Туратбек Мамбетов билдирди.

 

Анын айтымында, тилсиз жоо саат 15:30дар чамасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 50дөн ашык киши тартылган.

 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт балык чарбага жакын жерден чыгып, үч гектардай жерге жайылган. Бирок расмий тактала элек.

Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өрттүн себебин иликтеп жатат.

 

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын беш айында Кыргызстанда 19 өзгөчө кырдаал катталган. Анын кесепетинен 54 адам каза болгон. 1,3 миллиард сом зыян келген.