Тони Кроос эми Германия курамасында ойнобойт

Тони Кроос эми Германия курамасында ойнобойт. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жарым коргоочу Европа чемпионатынын жарым чейрек финалында Англия менен оюнда 90 мүнөт талаада болуп, алмашууга чыккан эмес.

 

Бул анын эл аралык деңгээлдеги акыркы беттеши болуп калды. Тони Кроос 2010-жылдан бери Германия курамасында ойноп, 2014-жылы дүйнө чемпиону болгон. Андан тышкары, ал “Реал Мадрид” клубунун жарым коргоочусу.