Гонконг шаарынын кыймылсыз мүлк рыногунда жаңы рекорд орнотулду. ММКлардын маалыматына ылайык, бир унаа үчүн парковкада орун 1 миллион 300 миң долларга сатылды.
Кеп Виктория чокусу элиталык турак-жай комплексинин алдындагы унаа токтотуучу жай тууралуу болууда. Бул аралдагы эң кымбат район болуп эсептелип, анда миллиардерлер гана жашайт.