Футбол боюнча кыргыз премьер-лигасынын алкагында кечээ 2 беттеш өттү

Футбол боюнча кыргыз премьер-лигасынын алкагында кечээ 2 беттеш өттү. Уштуруучулардын маалыматына ылайык, “Нефтчи” “Каганатты” 2:1 эсеби менен утуп алды.

 

“Алга” дал ушундай көрсөткүч менен “Алайды” жеңди. Турнирдик таблицада 6 упай менен “Дордой” лидерлик позицияда турат. Үчүнчү тур 13-августта өтөт. Эске  салсак, эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Кыргыз футбол союзу турнирди 2 айлампада өткөрүү чечимин кабыл алды. Бардык оюндар Кантта көрүүчүсү жок өтөт.