Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын сый акысы аталды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын сый акысы аталды. ФИФА клубдар арасында футболчулардын катышуусу үчүн 209 миллион доллар бөлүштүрөт.

 

Эң көп төлөм “Манчестер Ситиге” берилди. Англиянын азыркы чемпиондору ФИФАдан 5,6 миллион доллар алат. Анткени, бул клубдун 16 оюнчусу мундиальга катышууда.

 

“Барселонага” 4 миллион доллардан ашыгыраак тиет. 3,5 миллион доллар 13 оюнчусу дүйнө чемпионатына катышкандыгы үчүн “Манчестер Юнайтед” клубуна тапшырылат.