Катар футбол боюнча дүйнө чемпионатын уюштурууга 200 миллиард доллар коротту

Катар футбол боюнча дүйнө чемпионатын уюштурууга 200 миллиард доллар коротту. Бул Россияда 2018-жылы өткөн биринчиликте сарпталган суммадан 17 эсе көп – анда 11,6 миллиард доллар жумшалган болчу.

 

20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтө турган турнир үчүн араб мамлекети 7 жаңы арена куруп, бир эл аралык стадионду модернизациялады.

 

Бул максатта 6,5 миллиард доллар багытталды. Калган сумма Катарды өнүктүрүү жана жаңыртуу иш-чараларынын алкагында сарпталган.