Кыргызстандыктардын ажылык сапары июндун ортосунан тарта башталат.
Бул тууралуу 24.kgге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи топ Мекке жана Мединага 16-июнда жөнөтүлөрү күтүлүүдө.
Зыяратчылар 19-июлга чейин мекенине кайтып келишет.
Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстандын 65 жаштан ашпаган жарандары ажылыкка бара алышат.
Ал үчүн 2 миң 766 орун бөлүнгөн.
Ажылык сапардын баасы 4,5 миң долларды түзөт.