Германияда экиден ашык киши болуп топтолууга тыюу салынды

Германияда экиден ашык киши болуп топтолууга тыюу салынды. Ангела Меркель жарыялагандай, бул бир үй-булө мүчөлөрүнө гана тиешелүү эмес. Канцлердин айтымында, тыюу эки жума күчүндө болот.

 

Анын аткарылышына полиция көз салат. Белгилеп кетсек, Германияда коронавирусту 24 миң адам жуктурду. Алар менен жолукканы үчүн Ангела Меркель дагы карантинге алынды.