Туристтер эң романтикалуу шаарларды аташты

Туристтер эң романтикалуу шаарларды аташты. Онлайн брондоо боюнча компаниялардын бири 9 миң респонденттин арасынан суражылоо жүргүздү. Эң эле көп добуштарды – 36 пайыз – Италиянын Верона шаары ээледи.

 

Экинчи орунда  21 пайыз добуш менен Париж турат. Суралгандардын 18 пайызы Махабат күнүн Рим шаарында өткөргүсү керек. Венеция төртүнчү орунда. Дагы 10 пайыз Санкт-Петербургду романтикалуу шаар деп эсептейт.