Ош шаарында коомдук унааларга санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Ош шаарында коомдук унааларга санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, кечээтен тартып калаа бийлигинин өкүлдөрүнөн

турган топ рейд жүргүзө башташты. Текшерүү иштеринин алкагында автобус,

троллейбус, ошондой эле маршруттук таксилердин санитардык эрежелери жана

тазалыгы текшерилүүдө. Карантиндик нормаларды бузгандарга административдик

айыптар салынып, эскертүүлөр берилди. Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги

антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн аралык сактоосу жана беткап кийүү

тартибине көңүл бурулду. Жалпысынан 101 айдоочуга чара көрүлдү.

Текшерүү иштери уланууда.