Кыргызстанда ар бир алтынчы жарандын унаасы бар

Кыргызстанда ар бир алтынчы жарандын унаасы бар. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, жыл башында республикада 1 миллиондон ашык машине катталган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу, 4 пайызга көп.

 

Өлкөнүн туруктуу калкы болгон 1 миң жаранга 158 унаа туура келет. Жеңил машинелердин басымдуу бөлүгү Бишкекке туура келет – 1 миң адамга 308 унаа.