Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр жазаланып баштады

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр жазаланып баштады.

 

Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, 26 миңден ашык жаран вакцина албаганы үчүн жумуштан бошотулду.

 

Санэпидем кызматынын өкүлдөрү мамлекеттик жана менчик субъектилерде текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 50 миң кызматкер вируска каршы вакцина ала электиги маалым болгон. 2 миң 225 учур боюнча айып салынып, 179 объект ишин убактылуу токтотту.