Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек Жылуулук электр борбору от казан агрегаттарын оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата №9 жана №14 от казан агрегаттарын утурумдук оңдоо, ошондой эле №23 от казан агрегаттарын орточо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бардык оңдоолор белгиленген графиктер боюнча өз убагында бүткөрүлөт.