Индияда үлпөт той учурунда болочок күйөөсүнүн таз экенин билген кыз турмушка чыгуудан баш тартты

Индияда үлпөт той учурунда болочок күйөөсүнүн таз экенин билген кыз турмушка чыгуудан баш тартты.

 

Чет элдик басылмалар жазышкандай, кыз эркектин ыңгайсыз болуп жүргөнүн, баш кийимин улам оңдоп жатканын байкап, коноктордун биринен тактоону туура көрдү. Жигитинин чачы жок экенин билип, өзүнөн дагы сураган. Болочок жолдошунун анык жүзүн көргөн кыз эси ооп жыгылып калган.

 

Эсине келгенден кийин, таз балага турмушка чыкпай турганын жарыялады.