АКШ Сенатына мурдагы президент Трампка импичмент жарыялоо беренеси тапшырылды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйү Сенатка мурдагы президент Доналд Трампка каршы айыптоо камтылган беренени 25-январда расмий тапшырды. Бул беренеде Трамп өзүнүн тарапташтарын 6-январда Капитолийге чабуул жасоого шыкактады деп айыпталууда.

 

Дал ошол каргашалуу 6-январда АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийдеги Сенат отуруму өтчү жыйын залына тополоңчулар кандай жол менен кирсе, дал ошол жол менен Өкүлдөр үйүнүн кызматкеринин жана төмөнкү үйдүн иш башчысынын милдетин аткаруучусунун артынан 9 демократ конгрессмен ээрчип барып, Сенатка мурдагы президент Трампка импичмент жарыялоо беренесин тапшырды. Бул конгрессмендер эми Сенаттагы 9-февралда башталаары күтүлгөн импичмент боюнча сотто айыптоочу катары сүйлөшөт.

100 сенатор соттук талкууда калыс сот мүчөлөрү катары иш алып барышат. Эгерде Трамп күнөөлүү деп табылса, анда ал болочокто кайрадан президент кызматына шайлануу укугунан ажырайт.

 

Өкүлдөр үйүндө 13-январда өткөн жүрүмдө демократтардын Трампка импичмент жарыялоо сунушун республикачылардын 10 конгрессмени колдоп чыгышты. Эми Сенаттагы 50 демократка кеминде дагы 17 республикачы сенатордун колдоосу керек болот.

 

Бирок республикачылар партиясындагы сенаторлордун ичинен дал ушунча сандагы өкүлдү табуу демократтарга кыйынга турушу ыктымал.
Эгерде импичмент кызматтагы президентке каршы эмес, мурдагы президентке каршы жүрө турган болсо, анда сот отурумун АКШнын Жогорку сотунун төрагасы эмес, сенатор эле жетектеши мүмкүн. Демократ сенатор Патрик Лихи импичмент сотуна өзү төрагалык кылаарын билдирди.

АКШнын Жогорку сотунун төрагасы Жон Робертс 2020-жылы февралда президент Трампка каршы алгачкы импичмент сотунда отурумга жетекчилик кылган. Анда Трамп ал кездеги сенатор Жо Байден менен анын уулуна каршы тергөө иштерин жүргүзүүгө Украина бийликтерине сунуш киргизген маселени иликтөөдө Конгресске тоскоолдук уюштурган деген доо боюнча акталган болчу.