Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кирди

Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгону расмий жарыяланды. 4-июлда уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн саммитининен соң ШКУнун Бээжин шаарындагы катчылыгынын имаратынын алдында Ирандын туусун көтөрүү аземи өттү.

 

4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин саммити Индиянын төрагалыгы менен онлайн форматта өттү. Ага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Беларус, Монголиянын лидерлери, Бириккен Улуттар Уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелердин жетекчилери катышты.

 

Саммитте уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Нью-Дели декларациясына жана коопсуздук, экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жана бир катар тармактар боюнча документтерге кол коюшту.

 

ШКУ коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген.

2016-жылы уюмга Индия менен Пакистан кошулган.

 

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Шавкат Мирзиёев былтыр Самарканд саммитинде Беларус да ШКУга толук мүчө болушу боюнча аракеттене баштаганын жарыялаган.

ШКУнун 22-саммити былтыр сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.