Иранда калган кыргызстандык айдоочулар үчүн Азербайжан транзиттик жол ачып берет.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Иран-Түркмөн жана Иран-Азербайжан
чек арасында калып калган 62 айдоочу бар. Аларды өткөрүүгө ведомство менен
Кыргызстандын Баку жана Тегерандагы элчилиги байкоо салып турушат.
Белгилеп кетсек, кыргызстандык айдоочуларды аталган аймактан алып чыгууга
Кыргызстан 3 өлкөгө нота тапшырган. Андан Түркмөнстан баш тартып койгон.