Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга эки өлкө ортосунда авиа каттамдарды жандантуу сунушун жөнөттү

Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга эки өлкө ортосунда авиа каттамдарды жандантуу сунушун жөнөттү. Бирок биздин өкмөт азырынча бул суроону кароого даяр эмес. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдиргендей, Кыргызстанда дагы, Өзбекстанда дагы коронавирус менен абал дагы эле кооптуу.

 

Бирок ага карабай, биздин өлкө Россия, Казакстан жана Кувейтке учууларды жандантуу боюнча сунушун берди. Аталган мамлекеттер азырынча жооп бере элек.