Кыргызстандык авиакомпанияларда 33 учак бар

Кыргызстандык авиакомпаниялар 33 учакка ээлик кылат. Мындай маалыматты Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев парламенттин 20-майдагы жыйынында билдирди.

 

Депутаттар 2001-жылы Кейптаунда кол коюлган авиациялык конвенцияны карап жатышат. Кыргызстан бул келишимге 2016-жылы кол койгон.

Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Кыргызстанда каттоодон өткөн отуздан ашык учактын тогузу гана иштеп жатканын билдирген. Калганы колдонууга жараксыз, айрымдары оңдоп-түзөөгө берилген.

 

Мындан тышкары, «Аэростан» деген ишкана тик учактарды тейлейт. Анда каттоодон өткөн 9 тик учактын алтоо жарактуу.

Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа биримдигинин кара тизмесинен чыга элек.