«Токио-2020» жайкы олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн

Япониянын борбору Токио шаарында өтүүчү XXXII жайкы олимпиада оюндары 2021-жылы өткөрүлбөсө, токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) башчысы Томас Бах билдирген.

 

«Мен муну жакшы түшүнөм. Анткени биз дайыма бир нече миң адамды уюштуруу комитетине жалдай албайбыз. Жыл сайын дүйнө жүзүндөгү бардык ири федерацияларда спорттук календарды кайра карап чыга албайбыз. Спортчуларга ишеним керек», — деген Бах.

Ал эми «Токио-2020» олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы Ёсиро Мори 2021-жылга чейин коронавирустук пандемия токтобосо, олимпиада токтотуларын билдирген.

 

Эскерте кетсек, быйыл Токиодо өтүүчү олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүү пландалган.