Бишкек шаарындагы «Ден соолук» сейил багында 22-октябрда саат 15:00дө фестиваль өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорт фестивалы — бул балдар жана ата-энелер үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук иш-чара, ал сергек жашоого үндөйт жана жаш муундун спортко болгон кызыгуусун өнүктүрөт.
«Фестивалда Бишкек шаарындагы спорт мектептеринин көрсөтмөлөрү, спорттук мектептердин машыктыруучуларынын, олимпиадалык медалдардын, Дүйнө чемпиондорунун, Азия оюндарынын мастер-класстары өткөрүлөт«, — деп жазылат маалыматта.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.