Унаа жана жолдор министрлиги машинелерди милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү кайра киргизүү ниетинде. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, транспортту 2024-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыкты.
Техкароону кайра киргизүү ошол документтин талабы. Күтүлгөндөй, процедура 2022-жылы милдеттүү болуп, трнаспорттун бардык түрүнө тиешелүү болот. Бул максатта нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу керек, — дешти министрликтен.