Эксперттер кайсы өлкөлөр биринчи болуп туристтерге эшик ачарын билдиришти

«Массалык түрдө туристтерге жайдын ортосунда эшик ачуу бул туура эмес. Бул нерсе акырындан болушу керек жана ал коронавирус менен күрөшүп жаткандагы ийгиликтерге көз каранды» деген пикирди чет элдик политологдор айтып чыгышты.

 

«Греция, Италия, Түркия өлкөлөрү жайкы туризмге көз каранды өлкөлөр. Алар мүмкүн болушунча эрте сезонду ачканга аракет кылышат. Бирок бул эки тараптуу. Чек аралар ачылса деле алардын туруктуу кардарлары келишпейт. Мындан улам алар кризиске учурайт. Алар бардык жактагы кырдаалды карап, эс алуучуларга жайдын акыркы айында эшик ачуу керек. Бирок бул жылы эс алууга келгендер адаттагыдан өтө эле аз болот», — деп билдиришкен.