“Эл үмүтү” стипендиясына 9 студент тандалды

“Эл үмүтү” стипендиясына 9 студент тандалды. Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдиргендей, алардын стипендиясына жалпысынан 30 миллион сомдон ашык бөлүнөт.

 

Стипендия Колумбия, Стэнфорд, Жонс Хопкинс атындагы университеттерде жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларда окуп жаткан студенттерге кийинки жылы берилет. Эске салсак, “Эл үмүтү” стипендиясын түзүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров быйыл май айында кол койгон.