Кыргызстанда жыл башынан бери дизелдик отун дээрлик 18 сомго кымбаттады.
Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Эгер 3-январда солярканын бир литри 58 сом 21 тыйын болсо, 25-ноябрга карата баа 75 сом 88 тыйнга жетти.
Дизелдик отундун эң кымбат наркы ноябрда Исфанада катталды – литрине 80 сом 24 тыйын. Ал эми эң арзан Таласта – 71 сом 17 тыйын.