Кыргызстандан алтын рудасын экспорттоого тыюу салынат

Келерки жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандан алтын рудасын жана концентратын экспорттоого тыюу салынат.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Чектөөлөр алты айга созулат.

Ага ылайык, тийиштүү ведомстволорго товарларды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү тапшырылды.