Ош шаарына жылуулук 28-октябрда берилип баштайт

Ош шаарына жылуулук 28-октябрда берилип баштайт.

Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, жылуулук алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө, социалдык коргоо мекемелерине берилет.

Экинчи кезекте турак-жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер кошулат.

Объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат.

Белгилеп кетсек, Бишкекте жылуулук сезону бүгүн башталды.