Токтогул суу сактагычында суунун агып келгенинен агып чыгышы 5 эсе көп болууда

Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып киргенинен агып чыгышы 5 эсе көп болууда. Бул тууралуу «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

«Бүгүн, 12-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 650 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 130 метр куб, агып чыгышы 749 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.