Энергетика министрлиги Каракөл ГЭСинин курулушу үчүн сынак өткөрүп, аткаруучу компанияны тандоону пландап жатат. Бул тууралуу ведомство жетекчисинин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.
Анын айтымында, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принципи аркылуу ишке ашат. Бүгүнкү күнгө карата бир нече инвестор кызыктар экенин билдиришти.
Чиновник белгилегендей, Каракөл ГЭСи Жалал-Абад облусунда курулат. Станция чоң эмес болгону менен, тез убакта эле өзүн актайт деп пландалууда, — деди чиновник.