Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 768 миллион куб метрди түздү

9-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 768 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 145 метр куб, агып чыгышы 562 метр кубду түзүүдө.

Былтыр, 2021-жылдын 2-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 306 миллион метр кубду түзгөн.