Кыргызстанда уюлдук байланыш операторлору 5G технологиясынын биринчи сыноо иштерин аякташты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изилдөөнүн алкагында маалыматты берүү ылдамдыгы 1 миң 690 мегабиттен 2 миңге чейин жогорулатыла тургандыгы аныкталды. Бул 4G технологиясына салыштырмалуу 7 эсе көп.
Белгилеп кетсек, 5G көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Биринчи кезекте бул жеткиликтүү жана сапатуу интернет байланыш жана видео/сүрөт жөнөөтүүдөгү сапаттын сакталышы.