Кыргызстандыктар электр энергиясын өлчөмүнөн ашырып колдонууда.
“Улуттук электр тармактары” ишканасынын маалыматы боюнча, быйыл
октябрда электр энергиясы былтыр октябрга салшытрмалуу 111 миллион
кВт/саатка көп колдонулду. Анын ортосунда быйыл Токтогул суу сактагычында
нымдуулуктун көлөмү дагы былтыркыдан 2 миллиард 800 миллион кубометрге төмөн.
Андан улам, энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга
чакырат. Бул өз кезегинде кышкы сезондон ийгиликтүү чыгууга жардам берет.