Энергетиктер энергообъектилердин айланасындагы кургак чөптү өрттөбөөгө чакырат. Улуттук электр станциялардан билдиришкендей, адамдардын мындай аракеттери подстанциялардын иштебей калышына жана бүтүндөй райондорду жарыксыз калтырууга алып келет.
Соңку жума ичинде Чүй облусунда мындай 2 учур катталды. Бир нече айыл жарыксыз калган.
Андыктан, жарандарга кургак чөптү өрттөбөө сунушталат.