Кыргызстанда спорттун салтанаттуу түрлөрү, элдик оюндар жана маданият боюнча ассоциация түзүлдү. Дене-тарбия жана жаштар мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бирикмеге 11 федерация кирип, аны Алмазбек Касенов жетектеди.
Ассоциация калк арасында спорттун улуттук түрлөрүн, элдик оюндарды жана маданиятты жайылтуу максатында түзүлдү.