Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова эл аралык турнирде жеңишке жетти.
Мелдеш Youtube каналында түз алып көрсөтүлдү. Жыйынтыктоочу оюнда Тыныбекова
62 килограммда россиялык Анжела Фоменко менен кармашып, атаандашын 10:0 эсебинде утту.
Ага чейин кыргызстандык балбан россиялык жана Африканын азыркы чемпиону
Тунистен чыккан Марва Амрини жеңген. Оюндар Польшанын борбору Варшавада өттү.