Кыргызстандыктардын Россияга кирүүсү боюнча чектөөлөр жакынкы арада алынат

Кыргызстандыктардын Россияга кирүүсү боюнча чектөөлөр жакынкы арада алынат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, бул суроону чечүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Эске салсак, учурда Россияга ал жакта жакын туугандары жашаган жана дарыланууга муктаж кыргызстандыктар гана киргизилет. Калктын калган категориясына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган.