Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча мэриянын түз байланыш номерлери иштеп баштады. Муниципалитеттен белгилешкендей, Бишкектин 4 району боюнча телефондор иштеп жатат, жарандар кызыктырган суроолору менен адистерге кайрыла алат.
Түз байланыш номерлери:
Ленин району — 0312887366;
- Октябрь району — 0312576438;
- Биринчи май району — 0312300871;
- Свердлов району — 0312382468.
Эске салсак, эл каттоо эртең, 25-мартта старт алып, 3-апрелге чейин уланат.
Ал эми алыскы аймактарда өнөктүк кечирээк башталат.