Дүйнөлүк банк Баткен жана Ысык-Көл облустарында таза суу системасын жакшыртууга 100 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Баткен жана Ысык-Көл облустарында таза суу системасын жакшыртууга 100 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу уюмдун басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, сумма Баткенде 35, Ысык-Көлдө 3 айылды таза суу менен камсыздоого жумшалат. Андан тышкары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ирригациялык система калыбына келтирилет.