Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кескин азаюуда

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кескин азаюуда. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-январга карата өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 9 миллиард 859 миллион кубометрди түздү.

 

Буга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.

 

Эске салсак, былтыркы жылдын апрель айында ГЭСтеги суу кескин азайып, 8,5 миллиард кубометрге жеткен. Бул кооптуу чек болуп эсептелет.