Бишкек-Балыкчы поезди 17-июндан тарта каттай баштайт.
Бул тууралуу Novosti.kgге “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдын графиги азырынча белгисиз.
Билет баасы да эки-үч күндүн ичинде такталат, — дешти ведомстводон.
Белгилеп кетсек, ордо калаадан Балыкчы шаарына поезд менен 5 саатта жетсе болот.