Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2,8 миллиард доллар керектелет

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2,8 миллиард доллар керектелет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, ГЭС курулчу жайга жазында жолдор, көпүрөлөр салынып, инфраструктурасы оңдолуп, курулушка даярдык башталат.

 

Маалым болгондой, долбоордун кубаттуулугу 1 миң 860 мегаваттты түзөт.