“Кара-Кече” көмүр кенине карай убактылуу жолдун кооптуу тилкелери ондолду

“Кара-Кече” көмүр кенине карай убактылуу жолдун кооптуу тилкелери ондолду. Novosti.kgге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолчулар тиешелүү иштерди аткаргандан кийин, базадан көмүр ташуу жанданды.

 

Күнүнө орточо эсеп менен, кенден 3,5 мин тоннадан 5 мин тоннага чейин көмүр чыгарылып жатат, — дешти ишканадан.

 

Эске салсак, “Кара-Кече” көмүр кенине барчу трассаны жер көчкү басып калып, убактылуу жол курулган. Кийин айдоочулар анда кооптуу тилкелер бар экенин айтып чыгышкан болчу.