Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, «Ак-Босого» конушунда вагон түрүндөгү
жеңил типтеги объектти алынды. Үмөталиев, Токтогул, Москва, Кулиев,
Лев Толствой, Панфилов, Раззаков жана Жаш Гвардия бульвары
көчөлөрүндө 50дөн ашык жарнама конструкциялары демонтаждалды.
Иштерди «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жүгүзүүдө.