БШК Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп таанып, жыйынтыгын бекитти.
Кечээ кабыл алынган чечимге ылайык, 11-июлда 227 тилкедеги шайлоо комиссиясында
өткөн добуш берүүгө 104 миң 141 жаран катышты. Ат салышкан 18 саясий партиянын
алтоо 7 пайыздык чектен өттү. Шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгек» партиясына,
9у «Ата-Журт Кыргызстанга», 8и «Ишенимге», 7өө «Ынтымакка» жана «Өнүгүү-Прогрес»,
«Социал-демократтарга» 5тен тийди. Ал эми Ош жана
Токмок боюнча БШКда расмий жыйынтык чыга элек.