Кийинки жумадан тартып COVID-19 вирусуна карата массалык текшерүүлөр башталат

Саламаттыкты сактоо министрлиги кийинки жумадан тартып COVID-19 вирусуна

карата массалык текшерүүлөрдү баштоону пландады. Министрдин орун басары

Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, бул үчүн жеке лабораториялардын бири

мамлекеттик вирусологиялык лаборатория менен иш алып барат. Үсөнбаев

белгилегендей, калктын айтым категориядагы жарандарынан анализ акысыз

алынат. Ал эми катардагы адамдар акча төлөп текшериле алышат.